Биз менен байланышыңыз

Зеленский коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 428 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Ал башкы командачы катары аскер кызматкерлери менен биргеликте Оксфорд, Астра Зенека университеттеринин «Ковишиельд» вакцинасын алганын жарыялады.

«Коронавируска каршы эмдөөдөн өттүм. Мен муну башкы командачы катары биздин жоокерлер менен алдыңкы сапта жасадым. Вакцина бизге кайрадан чектөөсүз жашоого мүмкүндүк берет», — деп жазды Зеленский Твиттердеги баракчасына.

Украинанын президенти коронавирус менен 2020-жылдын ноябрь айында ооруган.

Украинада Oxford/AstraZeneca вакцинасы 23-февралда катталып, аны менен эмдөө 24-февралда башталган. 2021-жылдын 1-2-кварталында бул вакцинанын 2,2-3,7 миллион дозасы Украинага жеткирилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM