Марал Радиосу

Кыргызстан менен Пакистан жеңил өнөр жай тармагында кызматташат

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Лахор шаарында текстиль ишканалары бирикмесинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Пакистан тарап Кыргызстандан пахта алып келүүгө кызыкдар экенин маалымдашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.