Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 9 млрд 500 млн куб метрлик суу бар

Бүгүн, 3-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 500 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 139 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 616 куб метрге жетүүдө.