Марал Радиосу

2020-жылы Кыргызстанда 880 митинг болуп өткөн

Кыргызстанда жыл сайын жаз келгени нааразычылык акциялары да күч алат. Быйылкы жаз да митинг менен башталды. Кыштын акыркы күнүндө мамлекеттик ири коррупционер катары таанылган, Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары Ош шаарында «Раимге боштондук» деп чыкса, жаздын биринчи күнүндө Бишкек шаарында депутат Кубанычбек Жумалиевдин 20га жакын тарапташы нааразычылыкка чыкты.

2020-жылы Кыргызстанда 880 митинг жана нааразычылык акциясы катталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча 2019-жылы 620 митинг катталган. 2020-жылы 12 ай ичинде 880 нараазычылык акциясы жана митинг катталганын билдиребиз». 

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, негизинен, бул демократиялык мамлекеттеги мыйзам ченемдүү көрүнүш, коомдук пикир билдирүүнүн бир жолу катары бааланса, айрым учурда аша чабуу да орун алып кеткен учурлары жок эмес.

«Эми демократиялык өлкөлөрдө митинг сөзсүз түрдө болот. Бул – мыйзамдуу эле көрүнүш. «Митинг такыр токтоп калсын, мындан ары митинг болбосун», — деген пикирге да кошулбайм. Себеби кайсы бир жерде адилетсиздик өкүм сүрсө, ошол жерде сөзсүз митинг болот. Учурда соттун чечимдерине карата, соттук бийликтин адилетсиздигине карата митингдер өтө көп болуп жатат. Анткени Кыргызстанда соттук адилетсиздик бүгүнкү күндө дагы эле күчтүү.

Анан коррупционерлерди жактап, «Өзүбүздүн кулунубузду коргоп алабыз», — деп чыккандарды, албетте, колдогонго болбойт. Себеби, коррупционер болсо, мамлекетти талап-тоногонго катышкан болсо, ал элдин алдында да, мамлекеттин алдында да жооп бериши керек.

Ошон үчүн митингдердин оңу да бар, тетириси да бар. Бирок демократиялык өлкөдө, өзгөчө адилеттикти туу туткан кыргыз элинде митингди токтотуп коюу мүмкүн эмес». 

Ал эми жарандык активист Улан Үсөйүн мыйзам боюнча ар бир жаран нааразычылык акциясына чыгып, өз пикирин билдирүүгө укуктуу экенин айтат. Ошол эле учурда пикир билдирүүнүн да тартиби болорун танбайт.

«Эл менен мамлекеттин ортосунда үч чоң көпүрө бар. Анын бири — арыз жазуу же атайын кат жөнөтүү. Анан ага чара көрүлбөсө, андан кийин адамдар ЖМК аркылуу же болбосо соцтармак аркылуу чечүгө аракет кылат. Андан да чечилбесе, эл аргасыз көчөгө чыгат. Анткени, бул — өзүнүн оюн угузуу. Бул демократиялык коомдо, дүйнөдө нормалдуу эле көрүнүш. Эгер маселелер чечилген болсо, эл көчөгө чыкпайт эле. «Демек, бул жерде бир маселе бар», — деп бийлик чечүү жолун издеши керек. Мисалы, кечээ коррупционер Матраимовду колдоп чыккан акция да конституциялык укугун колдонуп жатат. Бул да нормалдуу эле көрүнүш, атайын ченем Конституция менен да бекемделген». 

Акыркы бийлик алмашууда мурдагыдан айырмаланып, талап-тоноо катталган жок делгени менен бюджетке бир топ эле зыянын тийгизди. 2010-жылдагы митингден кийин Ак үйдү калыбына келтирүүгө 300 млн сом жумшалса, 2020-жылдагы октябрь окуяларында кайрадан бүлгүнгө учураган бул имаратты оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин депутаттарынын чөнтөгүнөн 9 млн сом, мамлекеттик казынадан 10 млн сом коротулду.

Кыргызстанда майда митингдер 2010-жылдан кийин көбөйгөн. Айрыкча, 2020-жылы пандемия шарттарына да карабастан, нааразычылык акциялары рекорддук көрсөткүч жараткан. Тактап айтканда, бир жыл ичинде эле 880 митинг болуп өткөн. Акыркы окуялардан кийин жетекчисине нааразы болгон мекеменин жамааттарынын да митингдери күч алып барат.

Exit mobile version