Биз менен байланышыңыз

7-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 868 | 0

Кыргызгидромет борбору 3-марттан 7-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

3-7-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

4-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда жааан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлөт.

4 мартта түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5 мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

6-7-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7 -марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, жаашы күтүлөт.

4-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта күндүз жана 4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

3-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

4-мартта күндүз жана 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта күндүз кар жаашы күтүлөт.

6-7-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

3-7-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта күндүз жана 4-мартта кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM