Биз менен байланышыңыз

ЖРТга катталуунун шарт жана талаптары

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоодон өтүшөт.

Катталуу 26-февралда башталган, 9-апрелге чейин жүрөт. Ал эми тестирлөө өзү кадимки режимде 17-майдан 23-майга чейин өтөт. Ал үчүн өлкө боюнча 120га жакын тест борбору уюштурулат.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү www.testing.kg дареги аркылуу тестке катышууга катталат. Абитуриет ага өз алдынча кире албайт, окуп жаткан мектебинен мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет.

Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

-паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

-тестирлөөгө каттоо акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-орто билими жөнүндөгү аттестат;

-талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынара Батракееванын айтымында, документ тапшырууда сүрөт жакшы сапатта болушу керек. Ак фондо, түз отуруп тартылып, баш кийим кийбөө керек. Бирок хижап кийүүгө уруксат берилет.

Абитуриент катталгандан кийин телефон номерин белгилеп, аны логин катары пайдаланат. Ошол эле логинди окуу жайга онлайн тапшырууда колдонот.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин маалыматына караганда, быйыл 58 миң 208 окуучу мектепти бүтүрөт. Анын ичинен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 103 миң 87 бала.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестине катышуунун акысы 370 сом, ошондой эле ар бир предметтик тест үчүн 370 сомдон төлөө керек. Каттоо онлайн жүрүп жаткандыктан тест үчүн акчаны «РСК Банктан» төлөйсүз.

Каттоодон өткөндөн кийин талон берилет, ошол талон менен тестирлөөгө киргизилет.

Абитуриент каттоо тутумуна кире алышы үчүн, окуган жериндеги ЖРТ боюнча жооптуу адам ага мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Андан кийин анкета толтуруп, жиберүү баскычын басат, документтер жооптуу кызматкерлерге жөнөтүлөт. Документтердин тактыгы текшерилгенден кийин борборго жиберилет. Ал эми мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү райондук билим берүү бөлүмүнөн катталат.

Тестирлөөнүн өзү кадимки режимде, санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.

Каттоого байланыштуу суроолорго төмөнкү номурлар аркылуу жооп алууга болот.

0312 0500 0770 0222 66 48 38.

2 пикир

2 пикир

  1. Айгул

    12.03.2021 16:27

    Быйыл да кечиккендер учун кийинчерээк катталса да болобу?
    ЖРТ га бир кун калганда

  2. Венера

    04.04.2021 12:47

    Менин окуучуларымдан экөө одобрен болбой жатат эмнеге? Баарын туура толтурган элем

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM