Марал Радиосу

Президенттик аппараттын мурунку башчысы суракка чакырылды

Президенттин аппаратынын мурунку башчысы Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакыртылды.

Ал УКМКда эки сааттай болгон. Туугандарынын айтымында, сурак учурундагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча келишимге кол койгондуктан, анын эмне маселе тууралуу суралганы белгисиз бойдон калды.

Президенттик шайлоодо Үсөнов талапкер Абдил Сегизбаевдин штаб башчысы болгон.