Марал Радиосу

Президент Жапаров 11-мартта Өзбекстанга барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу ал «Казинформбюро» агенттигине берген маегинде айтып өттү.

Президент Жапаров: «Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен барып келген соң, 11-12-мартта Өзбекстанга барам. Андан кийин боордош Түркия жана коңшубуз Кытайга сапар уюштурулат», — деп билдирген.

Белгилей кетсек, Жапаров бүгүн эки күндүк мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга жөнөт кеткен. Ал Нур-Султан шаарында казак президенти Токаев менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Нур-Султанда Жапаров менен Токаев расмий жолукту