Марал Радиосу

Шубин мектеби эки эл аралык мелдеште ийгилик жаратты

Петр Шубин атындагы Балдардын борбордук музыкалык мектебинин окуучулары Нидерланды жана Беларусияда өткөн эл аралык мелдештерде ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нидерландынын борбору Амстердам шаарында өткөн «NETHERLANDISH GOLDEN TULIP» эл аралык көп жанрлуу искусство фестивалында аталган окуу жайдын фортепиано бөлүмүнүн 3-классында окуган Мамаюсупова Диана «Аспаптык музыка» номинациясы боюнча I даражадагы лауреат аталды.

Мындан тышкары Беларусияда өткөн Эл аралык «Artivities» көп жанрлуу искусство фестивалында Глозл Валерия гран-при жана I орунду жеңип алса, Кыялбеков Жусуп, Шейкинова Жамал, Оторбаева Жамиля I орунду, Молдобекова Назик, Сабирова Гүлиза II орунду, Токтобекова Каныкей, Мамаюсупова Диана III орунду ээлешти.