Марал Радиосу

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басарлары алмашты

Болот Келдибаев жана Авазбек Каримов Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Бул ууралуу «АКИpress» агенттиги жазды.

Каримов буга чейин Баткен облусунун прокурорунун орун басары кызматын ээлеп келген. Келдибаев Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринде иштеген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кадрдык өзгөрүүлөрдү тастыктай элек.