Биз менен байланышыңыз

Жемкордукка айыпталган Франциянын экс-президенти 3 жылга камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 714 | 0

Франция соту мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага «жемкордук» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» сыяктуу айыптар тагылган.

Муну менен Николя Саркози Франция тарыхында реалдуу жаза мөөнөтү коюлган алгачкы президент болду.

Соттун чечимине ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Саркози 10 күн ичинде токтомго каршы апелляциялык арыз берүүгө укуктуу.

66 жаштагы Саркози президент кезинде жогорку орундарды берүү үчүн кызматынан пайдаланган. Саркозинин айыбын аныктоодо адвокаты Тьерри Эрцог менен телефондон сүйлөшүүсү далил катары көрсөтүлгөн. Экс-президент менен бирге жактоочусу Тьерри Эрцог да үч жылга эркинен ажыратылды.

Николя Саркозиге карата козголгон сот иштери толук аяктай элек. Азыркы март айында 2012-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоого байланыштуу кийинки сот отуруму өтөт.

Николя Саркози — Францияны 2007-2012-жылдары башкарган 23-президенти. Ал президент болгонго чейин бир нече министрликтин кызматын кошо аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM