Марал Радиосу

Трамп алдыдагы саясий пландары тууралуу айтты

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп саясий пландары жөнүндө айтты. Бул тууралуу «Fox News» каналы жазды.

Анда Трамп жаңы партия түзөт деген айрым республикачылар тараткан сөздөрдү төгүндөп, Республикалык партиянын лидери экенин айтып өттү.

«Биз жаңы партияларды түзүп жаткан жокпуз жана өз күчүбүз менен бөлүшкүбүз келбейт. Анын ордуна мурдагыга караганда биримдүү жана күчтүү болобуз», — деди Трамп.

Трамп Орландодо консервативдик саясий аракеттер конференциясында (CPAC) сүйлөп жатып 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Конференцияда сүйлөө Трамптын президенттик мөөнөтү аяктагандан кийинки эл алдына алгачкы жолу чыгышы болду.