Биз менен байланышыңыз

Жумасына эң аз иштеген өлкө аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 489 | 0

Нидерланды дүйнөдөгү эң кыска жумуш аптасы бар өлкө деп табылды.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун маалыматы боюнча, Нидерландыда аялдар жумасына 25 саат, эркектер 34 саат иштешет.

Бул өлкөдө иш менен камсыздоо 76 пайыздын тегерегинде болгондуктан, өлкөдө жумуш табуу оңой. Уюм мындай жыйынтыкка 35 мамлекеттин маалыматтарын салыштыргандан кийин келген.

Исландияда жумуш менен камсыздоо деңгээли 86 пайызды түзүп, жумасына орто эсеп менен 39 саат иштейт. Түштүк Африка Республикасында жумушка орношуу көрсөткүчү болгону 43 пайызды, жумуш убактысы жумасына 43 саатты түзөт. Уюмдун статистикасына ылайык, Түркия менен Колумбияда эң узак жумушчу жума орто эсеп менен 48 саатты түзөт.

Маалыматка ылайык, Европалыктар башка континенттерге салыштырмалуу аз иштешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM