Марал Радиосу

Президент: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо ушул жылдын күз мезгилинде болорун айтты. Бул тууралуу ал Казакстандын басылмасына берген маегинде кеп козгогон.

Жапаровдун айтымында, белгисиз мөөнөткө жылган парламенттик шайлоо күзүндө өтөрү күтүлүүдө.

«Биз учурда өлкөдө акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуу менен алекпиз. Албетте, мунун баарын жасоого бир жыл аздык кылат. Жок дегенде 2-3 жыл керектелет», — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоодон мурун референдум өтүшү керектигин белгилеп, жаңы Башмыйзам бардык жарандар үчүн мыйзамдуулукту орноторун белгилеп өткөн.