Марал Радиосу

Ошто ишкерди коркутуп, акча талап кылган эки жаран кармалды

Ош шаарында ишкерди коркутуп, акча талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

27-февраль күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан миң доллар пара алып жаткан жеринен КМШдагы өлкөлөрдүн биринин 1970-жылы туулган жараны А.А. жана Кыргызстандын 1986-жылы туулган жараны Б.М. кармалды.

Кармалгандар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, жеке ишкерден 28 миң доллар, андан тышкары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн экөөнүн наамына каттатып берүүнү талап кылышкан.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.