Марал Радиосу

«Ошто бир саясий партия ишкерлерге кысым көрсөтүп жатат»

Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева «Маралга» берген маегинде Ошто кайсы бир саясий партия ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканын, бул такталган маалымат экенин билдирди.

«Ал партия бизнесмендерге: «35 миң доллардан төгүп, партиянын курамына кирип, шаардык кеңештин шайлоосуна катышып, бир инсанды мэр кылып бересиңер», — деп кысымга алып жатышат. Мындай кысымдар экс-президент Сооронбай Жээнбековду, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жек көрсөткөн. Азыркы президент да кысымдарга көңүл бурбаса, жек көрсөтүп коюшат. Анткени коомдогу терс көрүнүштөр дайыма президенттин атына тийип калат», — дейт Жолдошева.

Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Ошто болуп жаткан кысымды жөнгө салууга чакырды.

Жолдошеванын баамында, сүйүү менен саясат аябай окшош.

«Бир кишини сүйсөң, анын эч бир кемчиликтерин көрбөйсүң. Саясатта да ушундай. Кайсы бир саясатчыга фанат болуп аласың да, андан соң өкүнүп каласың. Сүйүүдө кээде кечирип коюшуң мүмкүн. Ал эми саясатта кечире албайсың», — дейт экс-депутат.