Марал Радиосу

Айпери Медет кызы финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Украинада өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирдин финалына чыкты.

Турнир 26-февралда Киевде башталды, кыргызстандык балбан 76 кг салмакка чейин күч сынашып жатат.

Баштапкы беттеште Медет кызы украиналык Анна Мельникти 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда венгриялык Надия Бернадет менен күрөшүп, жеңишке жетти.

Жарым финалда Медет кызы учурдагы Олимпиада чемпиону, Канаданын балбаны Эрика Вайбе 67 секундада ийнине такап жеңип алды.

Айпери бүгүн, 27-фералда эстониялык Мэй Эпп менен финалда беттешет.