Марал Радиосу

Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын Тышкы иштер министри келет

Бүгүн, 27-февралда Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өзбек-кыргыз мамилелеринин негизги аспектилери, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын өркүндөтүү, аймактар аралык масштабдагы жаңы инфраструктура, транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот.

Өзбек министри иш сапары менен Ооганстанга барып келди. Ага чейин Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстандын президенттери менен жолугушту.