Connect with us

Президент: Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 1687 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенин иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган депутат Акылбек Жапаров тууралуу оюн билдирди. Буга чейин аталган комиссиянын жетекчилигине Акылбек Жапаров дайындалганы коомчулукта сын жараткан.

«Кумтөрдү» Акылбек Жапаров текшерет экен, карышкырга кой кайтартыпсыңар», — деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кытай реформатору Дэн Сяопин: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», — деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да, айырмасы жок, Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот», — деди президент.

Жогорку Кеңеште «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан — Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата журттан» — Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» — Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» — Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» — Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» — Каныбек Иманалиев кирген. Комиссиянын төрагасы болуп Акылбек Жапаров шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM