Биз менен байланышыңыз

Баткенде 200дөн ашык аймакка шайлоочулардын тизмеси илинди

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 622 | 0

Баткен облусунда 201 шайлоо участкасына шайлоочулардын алдын ала тизмелери илинди. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын календардык планына ылайык иштер алып барылууда.

Баткенде 27 айылдык, 6 шаардык кеңешке шайлоо өткөрүлөт.

Депутаттар үчүн жалпы 743 мандат болсо, анын 166сы шаардык кеңештерге, 577си айылдык кеңештерге шайланат.

25-февралга карата аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн 214 талапкердин документтери, ал эми шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн 8 партиядан документтер кабыл алынган.

18-февралга карата облустагы жалпы шайлоочулардын саны 278 миң 485ти түздү.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM