Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жаңы Конституция апрелдеги референдумда кабыл алынат

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 510 | 0

Жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Орусиянын «Российская газета» басылмасына курган маегинде билдирди.

«Акыркы өткөн референдумдун жыйынтыгында келип чыккан жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасаары күтүлүүдө», — дейт Жапаров.

Анын айтымында, учурдагы Конституцияга ылайык, президент маселелерди чечүү жана жоопкерчиликти алуу ыйгарым укуктарынан ажыратылган, ал эми Жогорку Кеңешке мындай ыйгарым укуктар берилген эмес.

«Парламенттик башкаруу формасын сактап калуу үчүн дагы деле болсо өлкөдө жетиштүү күчтөр жана көз караштар бар болгондуктан, бул боюнча мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо зарыл болчу. Буга байланыштуу 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо тууралуу референдум өттү. Эл башкаруунун президенттик формасын тандап, шайлоочулардын 80%дан ашыгы ушул башкаруу формасына добуш беришти. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин көрсөтөт», — дейт президент.

Жапаровдун айтымында, Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталат. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо маселелери Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашат.

Республикалык бюджетти бекитүү, Өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүшүнүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, ошондой эле Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо маселелери, төрагаларын дайындоого жана бошотууга макулдук берүү милдеттери парламентке тиешелүү болот.

Юристтер: Конституция бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөйт

Copyright © 2017 Maral FM