Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайда жашап келген ата-бабасы тууралуу айтты

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 1285 | 0

Президент Садыр Жапаров Кытайда жашап келген ата-бабасы тууралуу айтты. Ал Москвага жасаган иш сапарынын алкагында «Российская газетага» маек курган.

Президенттин айтымында, атасы Кытайда төрөлүп, балалыгы менен жаштыгы ошол жакта өткөн. Чоң атасы жашаган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон.

— 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген.

Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилегим келет.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоодо президент болуп шайланган. Ал кызматка киришкенден кийин алгачкы чет элдик сапарын Москвага жасады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM