Марал Радиосу

СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 26-февралда СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу опера ырчысы, профессор Токтоналы Сейталиевдин сөөгү жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

Президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуу каты окулуп, анда кыргыз маданияты чоң жоготууга учурагандыгы, анын артында өлбөс-өчпөс из калтыргандыгы тууралуу айтылды.

Токтоналы Сейталиев 24-февраль күнү узакка созулган оорудан улам 84 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев көз жумду