Марал Радиосу

Жапаров: «Саясаттагы 10 жыл» китебимдин уландысын жазып жатам

Президент Садыр Жапаровдун Орусиялык «Российская газета» басылмасына берген маеги жарыяланды. Анда ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китебин улантып жазып жатканын айтты.

Өзүнүн айтымына караганда, Садыр Жапаров аталган китепти 2014-жылы Польшада жүргөндө жазган. 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгенден кийин камалган. Ошол учурдан баштап бул китептин уландысын жаза баштаган.

Жапаров андан бери болгон көптөгөн саясий окуялар жаңы китебинде чагылдырыларын кошумчалады.

«Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм», — дейт Жапаров.