Марал Радиосу

Садыр Жапаров Путинге кылыч белек кылды

Президент Садыр Жапаров Москвага жасаган алгачкы чет элдик сапарында Орусия президенти Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул тууралуу ал «Российская газетага» берген маегинде билдирген.

«Мен президент Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Кылыч Кыргызстандагы мыкты чеберлердин колунан чыккан», — деп айткан Жапаров.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев орус лидери Путин менен жолугушууга барганда асыл тукум аргымак жана тайган белек кылган.

Жапаровдун «Российская газетага» берген көлөмдүү маеги 26-февралда жарыяланды.

Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү Москва шаарына иш сапары менен барып, Орусиянын президенти, парламент, өкмөт башчылары менен жолукту. Ошондой эле бизнес өкүлдөрү, Орусиядагы мекендештер менен да баарлашты.