Биз менен байланышыңыз

Марипов: Коопсуздук кеңеши бизнес жана инвестиция маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 454 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолугушту. Анда ал жакында Коопсуздук кеңешинин жыйынында бизнес жана инвестиция маселеси талкууланарын кабарлады.

Ошондой эле укук коргоо, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары жана алардын кызматтык жактары менен өз ара аракеттешүү маселеси да караларын айтты.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө биринчи кезектеги чаралар планы иштелип жатканын, анда укук коргоо органдары менен өз-ара аракеттешүү аркылуу бизнестин коопсуздугун камсыздоо жаатында иш-чаралар өз алдынча топтом менен каралганын кошумчалады.

Улукбек Мариповдун айтымында, ишкерлик тармагындагы ЧУА инвентаризациялоо боюнча олуттуу иш жүргүзүлөт жана анын негизинде мыйзамдар өркүндөтүлөт. Укук коргоо органдарынын бизнес менен өз ара аракеттешүүсү түп-тамырынан бери бизнести колдоо жагына өзгөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM