Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерге сынак: Баш байгеси — автоунаа, ноутбук жана жолдомолор

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 8113 | 7

Кыргызстандагы бардык мугалимдер үчүн китеп окуу сынагы жарыяланат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

«Дем бер!» кыймылы «Bilimdar» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы бардык мугалимдер үчүн китеп окуу сынагын жарыялады.

Конкурс «Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» аттуу китептин негизинде болот.

Сынактын максаты:

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу.

Конкурстун шарттары:

-Сынак февралдан 30-апрелге чейин уланат. Ага катышууну каалагандар «Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» китебин сатып алат, «NovaDeмy» тиркемесин уюлдук телефонго көчүрөт;

-Андагы атайын форманы толтурууда китепте жашырылган сыр сөздү киргизүү аркылуу катталат;

-Конкурстун катышуучусу «Билимдар» whatsapp группасына кошулат жана ал жактан кошумча маалыматтар берилип турат;

-Конкурс аталган китептин мазмуну боюнча тест алуу аркылуу жүргүзүлөт;

-Тест NovaDeмy тиркемеси аркылуу май айында алынат.

Уюштуруу үчүн аймактарда атайын өкүлдөр иш алып барат, алар китептерди бирдей баада жеткирип берүүнү камсыздайт.

Конкурс бир тур менен өтөт. Катышуучулардын упайлары тең чыгып, талаш-тартыш жаралган учурда жеңүүчү чүчүкулак аркылуу аныкталат.

Жыйынтыгы долбоордун социалдык баракчалары, whatsapp группалары жана массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат.

Жеңүүчүлөр 2021-жылдын май айында Бишкек шаарында сыйланат.

Сыйлыктар:

Жеңүүчүлөргө автоунаа, ноутбук, смартфон, 30 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо берилет. Уюштуруучулардын чечими менен катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү кошумча сыйлоо мүмкүнчүлүктөрү каралышы мүмкүн.

Толугураак маалымат үчүн байланыш номурлары:

Whatsapp: 0999 303 202
Tel.: 0704 303 202
Instagram: @bilimdar_dolbooru

7 пикир

7 пикир

  1. Акжолтой

    26.02.2021 14:03

    Каракол шаарынан кайсы жактан сатып алсак болот.

  2. Айдай

    26.02.2021 19:19

    Абдан соонун жанылык !!! Мугалимдерге конул буруп турганыныздарга чоон рахмат.

  3. Айдай Жыргалбековна

    26.02.2021 19:20

    Абдан соонун жанылык!!!

  4. Г.И

    27.02.2021 14:42

    Книга как найти
    Баткенская область

  5. Нурлан

    28.02.2021 02:23

    Сынакка жогорку окуу жайлардын окутуучулары катыша алышабы? Китепти кайдан сатып алса болот?

  6. Тентикеева Эльнура, Ош шаары

    28.02.2021 15:35

    Саламатсыздарбы, сынага ЖОЖдогулар катыша алабы? Оштон китепти кайсы жерден сатып алса болот?

  7. Мээрим

    28.02.2021 17:58

    Менин кесибим мугалим бирок иштебейм мен катышсам болобу?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM