Кулатуу боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, спорт чебери Акыл Кемелов Жогорку Кеңештин депутаты болду.
25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы ага күбөлүк жана төш белги тапшырды.
Акыл Кемелов «Республика – Ата журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болчу. Ал мандатын тапшырган Максат Сабировдун ордуна келди.
Акыл Кемелов — 36 жашта. Ал 2016-жылы Ысык-Көлдөгү «Кулатуу эр таймаш WEF» федерациясынын президенти болгон.
Жогорку Кеңештин «Республика-Ата журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров 24-февралда мандатын тапшырган. Ал мунун себебин жаштарга жол берүү ниети менен түшүндүргөн.
Максат Сабиров алгач 2010-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2015-жылы «Республика-Ата Журттун» тизмеси менен депутат болуп келген.