Биз менен байланышыңыз

Москва: Аскердик кызматташуу боюнча эки документке кол коюлду

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 518 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлери «Пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө» протоколго жана «Беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү» программасына кол коюшту.

Жапаровдун алгачкы иш сапарында жетишилген келишимдер (тизме)

 

Copyright © 2017 Maral FM