Марал Радиосу

Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдору ачылды

Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдору ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашуусунда унаалардын өтүүсү үчүн жол кардан тазаланды. Өтмөктө калган айдоочулар кечээ жолго чыгышкан.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда бир канча жерде көчкү түштү. Ал унаа жолдун убактылуу жабылышына алып келди.