Марал Радиосу

Бишкек: Марттан тарта бак-даракка электрондук каттоо жүргүзүлөт

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Бишкекте март айынан тарта бак-даракка электрондук каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Айгүл Наватова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы калаадагы 200 миңге жакын жазы жалбырактуу, ийне жалбырактуу бак-даракты карайт. Эми аларга электрондук каттоо жүргүзүү пландалууда. Учурда программа даярдалып, сунуштар берилип жатат. Март айында ишке кириши мүмкүн.

«Жарандар жашаган жериндеги бак-дарак тууралуу кенен маалымат ала алат, тагыраагы, бактын жашы, абалы, түрү жана башкалары базага жайгаштырылат. Учурда отургузулуп жаткан көчөттөрдүн баасы 300-400 сомдун тегерегинде. Биз тигип жаткан 11 миң бак жетишсиз», — дейт Наватова.

Маалыматка ылайык, Улуттук илимдер академиясы жана окуу жайлардын илимпоздору менен биргеликте дартка чалдыккан бак-даракка кам көрүүнүн жол-жоболору иштелүүдө.