Марал Радиосу

Бишкек-Ош унаа жолунда ӨКМдин ыкчам тобу иштөөдө

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Чүй облусунун Жайыл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ нөөмөттө турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

«Сосновка» жана «Арал» өткөрмө посторунан бүгүн, 26-февраль күнү таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.