Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун алгачкы иш сапарында жетишилген келишимдер (тизме)

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 4105 | 1

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон биринчи чет элдик иш сапары жыйынтыкталды

Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Россия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;

-Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

25-февралдын түнүндө Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди.

1 пикир

1 пикир

  1. Дурусбек

    27.02.2021 15:19

    Баардыгы эн соонун.С.Жапаров Эл ишеничин актайт.Мамлектти башкаруунун жаны системаны иштеп элдин турмушу онолот деп ишенем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM