Марал Радиосу

«Сосновка» постунда жүргүнчүлөргө ысык тамак-аш берилүүдө

Жайыл районунун «Сосновка» постунда жүргүнчүлөргө атайын жылынуучу жай уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Сосновка» өткөрүү бекетинде ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан жылынуучу жай уюштурулуп, жүргүнчүлөргө ысык тамак, ысык чай берилип жатат.

Эске салсак, 25-26-февралда аба ырайы катаал боло турганына байланыштуу 25-февраль кечки 22:00дөн 26-февраль таңкы 6:00гө чейин Жайыл районундагы «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» өткөрмө бекеттери жабылары кабарланган. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолу да аба ырайына байланыштуу жабык турат.