Марал Радиосу

Алмаз Акматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Алмаз Акматов беш жылдык мөөнөткө Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна шайланды.

Талапкерди 62 депутат колдоп, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, Эсептөө палатасынын аудиторлору Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланат.

 

Exit mobile version