Марал Радиосу

Казакстанда айрым чектөөлөр жумшартылат

Казак өкмөтү 1-марттан тарта өлкөнүн айрым аймактарында карантиндик чектөөлөрдү азайтуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкө өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, «жашыл аймактарда» 1-марттан баштап цирктерге, бильярд клубдарына, балдардын көңүл ачуу борборлоруна адамдардын жалпы сыйымдуулугунун 30%ына чейинки шарттарда иштөөсүнө уруксат берилет. Спорттук иш-чаралар жана жума намазы да ушул негизде өткөрүлөт.

«Сары зона» базарларында жана соода борборлорунда жекшемби күндөрү иштөөгө уруксат берилген.

Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 209,5 миңге жетип, мунун ичинен 2,5 миңден ашуун адам каза болгон.