Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 1017 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстанда өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешин, бизнес-форум өткөрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM