Биз менен байланышыңыз

Бардык мектептерге дыйканчылык чарбасы уюштурулат

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 2605 | 3

Кыргызстандагы бардык мектептерге дыйканчылык чарбасы уюштурулат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мектеп окуучуларынын тамагынын сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Кыргызстандагы мектептерге караштуу дыйканчылык чарбаларын уюштуруу тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Кабыл алынган чечимге жараша мектептин карамагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектепке караштуу чарба түзүүгө укуктуу.

Мектептин айдоо жери жок болсо, директор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына чарбага ылайык жер бөлүп берүү арызы менен кайрыла алат.

Белгилесек, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Бул үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жылына болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын жакшы тамактануусуна жетпейт.

Мектепке караштуу чарбанын болушу окуучулардын айыл чарба продукциясын өндүрүүсүнө жана кайра иштетүүгө, мектеп ашканасындагы тамак-аштын кубатын арттырууга, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алууга, кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

3 пикир

3 пикир

  1. Нурлан

    25.02.2021 11:59

    Тура иш туптура кыласынар.азыр балдар ушундай темалар болсо абдан жакшы болот. Интернет ке акча. Анан интернете бош емес

  2. Пери

    25.02.2021 20:48

    Мугалимдерди иштетсе керек ага дагы

  3. Гульнара . Дооронбек Дуйшебаев атындагы ом.директору.

    27.02.2021 20:15

    Эң туура колдойм. Биздин мектеп 2014ж бери мектеп алдындагы жер тилкесин иштетүүдө. Бүгүнкү күнү 1-4 кл окуучуларына төө буурчактан котлет, ашкабактан рулет, запеканка ж.б.у.с тамактар берилет мектептин эсебинен. Мектеп тамак-ашын өнүктүрүү максатында 2021ж12февралында облустук семинар өткөнбүз. Мектептин жер тилкесине жылына 18 түр жер жемиштер отургузулат. Кызыксаңар көп бөлүшө турган иштерибиз бар.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM