Марал Радиосу

Максат Сабиров депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн 24-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

Сабиров мунун себебин жаштарга жол берүү ниети менен түшүндүрдү.

Максат Сабиров алгач 2010-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2015-жылы «Республика-Ата Журттун» тизмеси менен депутат болуп келген.