Марал Радиосу

Өмүров: Чет элдик студенттердин саны көбөйдү

Чет элден келип окуган студенттердин саны көбөйдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы окуу жылына карата чет мамлекеттен келген студенттердин саны 72 миң 172ни түздү. Өзбекстандан 45 миңдей студент келди. 28 миң 239 студент медициналык багытта билим алат.

2019-2020-окуу жылында чет жактардан келген студенттердин саны 41 миңге чукул болсо, алардын 20 миңдейи медициналык багытты тандаган. Мунун ичинен 15 миң студент Өзбекстандан, калганы КМШ өлкөлөрүнөн келген.