Биз менен байланышыңыз

Кремль Жапаров менен Путиндин жолугушуусу тууралуу жазды

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 878 | 0

Орусияга иш сапары менен келе турган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен президент Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү 24-февралда Москвада болот. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирет.

«Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан ары өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаровдун маалымат кызматы билдиргендей, ал ушул жылдын 24-25-февраль күндөрү Орусияга мамлекет башчысы катары биринчи чет элдик сапарын жасайт.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле мамлекет башчынын Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM