Марал Радиосу

24-февралга күтүлгөн аба-ырайы

«Кыргызгидромет» билдиргендей, 26-февралга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго кар калың түшөт.

Жолдор тайгак болуп, тоңголок тартат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -10-18 градуска чейин суук болоору күтүлөт.

24-февралда түнкүсүн Бишкектен башка бардык аймактарда жаан жаап, кар түшөт. Күндүз Бишкекте да жаан жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4…1, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн -4…1, күндүз 6…11 градус жылыйт.

24-февралда Бишкек шаарында жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1°, күндүз 4…6 градус жылуу болот.