Марал Радиосу

Азия чемпиону Гузал Исматова дүйнөдөн кайтты

гузаль исматова

22-февралда бокс боюнча аялдар арасында Азия чемпиону Гузаль Исматова онкологиялык оорудан улам көз жумганын Өзбекстандын Бокс федерациясы билдирди. Өткөн жылы чемпион Исматова ооруп калгандыгына байланыштуу бир топ мелдештерге катышкан эмес.

Ушуга чейин спортчу оор салмакта (+81 кг) күчүн сынап келген. 2013-жылы облустук мелдеште биринчи орунду ээлесе, 2014-жылы өлкө чемпионатында Өзбекстандын чемпиону болгон.

2017-жылы спортчу Азия чемпионатында Вьетнамдан келген атаандашын финалдык беттеште жеңип, Азия чемпиону аталган.