Биз менен байланышыңыз

Пара алууга шектелип, маалымат агенттигинин жетекчиси кармалды (фото)

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 597 | 0

Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринин М.У.К. аттуу жетекчиси 22-февраль күнү колго түшкөн. Айрым маалымат булактары кармалган аял “Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова экендигин жазышууда.

УКМКнын маалыматында, кармалган аял арыз ээсинен мас абалында кайгуул милициясына түшүп калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылгандыгы айтылат.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү амалдары уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM