Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттоого алды

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 653 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы колдонулуучу Орусиянын «Спутник V» вакцинасы катталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирусту профилактика кылуу үчүн «Спутник V» вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди.

Вакцинанын катталышы жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын профилактика кылуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Аталган вакцина Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий борбору тарабынан иштелип чыгып, 2020-жылдын август айында каттоодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM