Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барды (фото)

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 692 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты.

Өкмөт башчы аскердик бөлүктүн аскер техникасы жана куралданышы, ошондой эле аскерлердин тамактандыруусунун уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында премьер-министр Улукбек Марипов аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченемин жогорулатуу тууралуу чечимге кол койгон. Ага ылайык, аскерлердин рационуна колбаса, сыр, коюлтулган сүт жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Аталган чечим Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринин ден-соолугун чыңдоо жана алардын тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми 2002-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жеке курамдын бош убактысын жана күжүрмөн даярдык боюнча сабактардын сапатын жакшыртуу иретинде кеңири форматтагы мультимедиялык проектор алууга 100 миң сом өлчөмүндөгү финансылык каражатты бөлүүгө сертификатты тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM