Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат

Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 1111 | 0

Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Бул маалымат «Global Firepower» индекси боюнча аныкталган.

Эске салсак, Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.

Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралган.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан төртүнчү орунда. Биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыкты. Куралдануу жана камсыздалышы жагынан өзбек армиясы дүйнөдө 51-орунда турат.

Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турса, үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда, Тажикстандын армиясы дүйнөдө 99-орунда.

Армиясынын күчтүүлүгү боюнча дүйнөдө алгачкы бештикке АКШ, Орусия, Кытай, Индия жана Япония өлкөлөрү кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM