Марал Радиосу

Өзбекстанда онлайн авиакаттоого турса болот

өзбекстан

1-марттан баштап Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аба каттамдарын онлайн режиминде жүргүзөт. Бул тууралуу компания социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ушул жылдын 1-мартынан тарта Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү жаңы кызматты колдоно алышат. COVID-19 вирусунан сактанып, аэропортто кезек күтпөй, убакытты үнөмдөп, самолёттун каалаган жеринен орун тандаса болот.

Буга чейин жүргүнчүлөр жүктөрү менен өз алдынча каттоодон өтүп келишкен.