УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант аскердик чинин алды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.
Андан тышкары УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаров генерал-майор чини менен сыйланды.
Алдын ала маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка кечээ, 22-февралда кол коюлган.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.