Марал Радиосу

Шайлоо: Бийлик «каралардын» таасиринен чочулоодо

Ички иштер министрлиги криминалдык чөйрөнүн адамдарын шайлоого аралаштырбоо аракетин көрүп жатат. Муну менен министрлик кылмыштуу топтордун таасири мамлекеттин жогорку тепкичине чейин жеткенин моюндады. Талдоочулар болсо, бул күрөштөн майнап чыгарына ишенбейт.

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн шайлоого катышуусун чектеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы механизмдери каралганы айтылат. Мекеме мыйзамды сунуштоого учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун шартында уюшкан кылмыштуулуктун таасири күчөп баратканын моюндап, алар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоого умтулуп жатканын билдирүүдө.

2020-жылы октябрда болгон парламенттик шайлоодо да уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү үгүт иштерин жүргүзүп жатканы, шайлоого аралашып жатканы көп эле айтылды, бирок реакция болгон жок.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикиринде, «каралардын» таасири мамлекеттик бийликтин жогорку баскычына чейин чыкканы эч кимге сыр эмес. Аны менен күрөшүүдө бир мекеменин күчү жетпейт.

— Уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин азайтуу үчүн бир эле мекеменин колунан эч нерсе келбейт. Ал үчүн президент билдирүү кылып, ошонун командасы менен болушу керек. Азыр кылмыштуу топтордун таасири күчөп кеткенде эптеп коомду алаксытуу үчүн мыйзам тууралуу сүйлөп калышты. Бир эле ИИМ эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, соттордун баары бирдей иш-аракет жасашы керек, бир мекеменин колунан эч нерсе келбейт. Мыйзамда бардык укук, милдеттер каралган, болгону саясий кызыкчылык өйдө турат, ошол себептен уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштөн майнап чыкпай келди. 

Ички иштер министрлиги «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев кылмыштуу топторду шайлоого катыштырбоо аракети тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

— Эгер кылмыш маселеси боюнча карасак, соттолгон жарандын соттуулугу жоюлгандан кийин гана шайлоого катыша ала турган норма бар.

Мыйзам боюнча айтсак, биринчиден, уюшкан кылмыштуу топтордун статусун аныктоонун өзү маселе жаратып жатат. Кайсы бир жаранды кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоо үчүн негиз керек да. Анан азыр ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн шайлоого катыштырбоону сунуштады, буга мен да таң калып жатам, кандай критерий менен аныктайт? Эгер жаран ошол топко мүчө болсо, анда аны жоопкерчиликке тартуу керек да. Ошондуктан так критерийлерин көргөзүү зарыл. Мындан тышкары, мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда, ал эми апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, ага чейин бул мыйзамды кабыл алууга убакыт жетпейт.

Кыргызстанда «Мыйзамдагы ууру» же кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн саясатка, коомдук, экономикалык иштерге аралашуусу көнүмүш адатка айланып калды. Сот, укук коргоо органдары жакшы иштебегендиктен, жөнөкөй эле жарандар бири-бирин «каралар» менен коркутуп калышкан.

Коомдук ишмер, жарандык активист Руслан Акматбек кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы механизмдери сунушталып жатканы аргасыздан болгон аракет экенин айтат.

— Тилекке каршы, жарандар укук коргоо органдарынан жардам ала албаганы, алар өз милдетин жакшы аткара албаганы үчүн «каралардын» бардык турмушубузга аралашканы кадимки көрүнүшкө айланып баратат.

Менин оюмча, мыйзамдын кабыл алынышы — аргасыздан болгон аракет. Бирок ага карабай, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор бар экенин аныктап, расмий моюнга алып, булар коомго зыян алып келип жатат деп, чыныгы күрөш жүргүзүү керек.

Бирок биздеги саясатчылар, өлкөнүн жетекчилери да кошулуп, ошол уюшкан кылмыштуу топтор менен бирге жүргөнү, кызматтарын активдүү колдонгону үчүн аларга каршы күрөш натыйжа бербейт.

Мыйзамдын жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жаманы: эртең-бүрсүгүнү бийликке оппозиция болгон жаранды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп туруп, шайлоого катыштырбай коюшу мүмкүн.

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш да коррупция менен күрөшүү сыяктуу тандалма жүрөт. Ошол кездеги бийликтин, жетекчинин приоритетине жараша болуп жатат.

Укук иштебей калган мамлекетте кимиси ким экенин айырмалай албай каласың. Коомго кайсынысынан көбүрөөк зыян келерин түшүнбөй каласың. Ошондуктан акыркы он жылда УКТнын таасири күчөп, турмуштук нормага айланды. Көп өлкөлөрдө өзгөчө башаламан окуялардан кийин кылмыштуу топтор активдешет. Себеби таасир талаш болот. Бирок бизде бүгүнкү күндө уюшулма кылмыштуу топтордун таасири социалдык жашообузда нормага айланып калды. Аларга чара көрүлбөй калды. Мисалы, бир ишкерди алып барып камашат, кылмыштуу топтун өкүлүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, ушундай өлкөгө айландык.

Бийлик эмне кылышы керек?

Укук коргоо органдары өзүнүн милдетин коркпой эле, түздөн-түз, так аткарышы керек. Эми алар деле коркот, себеби укук коргоо органдары кармайт, эртеси күнү сот кое берет. Ошол үчүн эң биринчи кезекте сот, укук тармагына реформа жасашы керек. Ал жасалмайынча, биз ушул көйгөйдү талкуулап жүрө беребиз. Мыйзамдын кадыры кетти, коррупция жоюлбайт, экономика өнүкпөйт.

Акыркы убакта Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн байма-бай кармайт, бирок алардын соттон бошотулуп кеткени коомдо талкуу жаратууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири өсүп кеткенин, алар кадр саясатына да аралашып жатканын айткан:

Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын декабрь айындагы маалыматы боюнча, былтыр октябрдагы окуялардан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү баш көтөрүп, коомдук саясий кырдаалга таасирин тийгизе баштаган. Буга байланыштуу мекеменин жетекчилиги тарабынан аталган топторго каршы күрөш күчөтүлүп, ИИМдин каттоосунда турган 26 жаран ар кандай фактылар боюнча кармалган.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ал эми ИИМ сунуштаган мыйзам долбоору бир айдан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.